12:37
USD 89.43
EUR 97.22
RUB 0.97

Депутаттар Өзбекстандагы жыйынга катышат

Жогорку Кеңешинин делегациясы КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында төрага Нурлан Шакиев,  депутаттар Искендер Матраимов, Аида Исатбек кызы, Алишер Козуев, Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу, Жылдыз Таалайбек кызы жана Талайбек Масабиров бар. 

Жыйын Самарканд шаарында өтөт. 

Ошондой эле КМШ ПААнын 54-пленардык жыйыны, Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Туруктуу комиссияларынын отуруму, ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгын тапшыруу аземи камтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-февраль, жума
22-февраль, бейшемби