03:21
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Президент Жапаров Астана шаарындагы иш-чараларга катышат

«Сапардын алкагында 13-октябрда мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине, 14-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле күнү Жапаров «Борбор Азия — Орусия» форматындагы 1-саммитке катышат.

Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

7-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммитине Садыр Жапаров катышкан жок. Орусиянын президенти Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине Жапаровдун куттуктоосун жеткирүү үчүн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлөрү кабарланган.

7-октярбда Садыр Жапаров Путин менен телефондон сүйлөшүп, аны 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты талкуулашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар