05:15
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкекке АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Трюдо келди

Бишкекке АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Трюдо келди.  Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Анда мамлекеттик катчынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Трюдонун сапары басма сөз эркиндигин, гендерлик теңчиликти жана инклюзивдик экономикалык өнүгүүнү колдоого багытталганы айтылат.

Трюдо Бишкек сапарынын алдында Өзбекстанда болгон.

Буга чейин Human Rights Watch (HRW) өңдүү эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына камтамчылык билдирген. Анда соңку кездери кыргыз бийлиги журналисттерге, эркин медиага карата куугунтукту күчөткөнү айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума