02:34
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Садыр Жапаров Орусиядагы КМШнын бейрасмий жыйынына барбайт

Садыр Жапаров 7-октябрда Санкт-Петербургдагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин лидерлеринин бейрасмий жыйынына барбайт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Бейрасмий жыйында Орусия менен Тажикстандын президенттеринин 70 жылдык мааракеси белгиленип, аймактагы туруктуулук, коопсуздук маселелери талкууланары пландалганын орус маалымат каражаттары жазып чыккан.

Владимир Путин Эмомали Рахмонду 4-октябрда «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» III даражадагы ордени менен сыйлаган. Путиндин жарлыгында орден «Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине жана шериктештикке кошкон чоң салымы жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн» берилгени жазылган.

Эң көп окулган жаңылыктар