02:32
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Чогуу көзөмөлдөйбүз. Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча билдирүү таркатты

Өзбек-кыргыз чек арасы боюнча түзүлгөн келишим парламенттен өткөндөн кийин ачыкталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Facebook баракчасына жазды.
 
Анын айтымында, талаш жерлер дээрлик 99 пайызы Кыргызстан тарапка өттү.
 
«Кемпир-Абадды» буга чейин толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, эми мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишимге келдик. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрдүк. Ошондо көлдүн жээгинен 1246 гектар жер бошоп, бизге өтүп жатат. Ал жерди ошол жерде жашаган элибиз түбөлүк айыл чарба багытына колдонушат. Калган чек ара жерлери боюнча мен жогоруда айткандай, кийин угасыздар. Сүйүнүү, кубаныч менен кабыл аласыздар. Бизге рахмат айткандан башка, эч бир доомат арта албайсыздар. Биз бир сантиметр жер берген жокпуз. Тескерисинче алдык. Жүз жылдан кийин дагы биздин эмгек, биздин чечим ак жана кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн болгонун тарых тастыктап берет«, — дейт ал.
 
Өлкө башчысы Кемпир-Абадка байланыштуу каршылык көрсөтүп жаткандарга эскертүү жасады.
 
«Бузукулук кылып жаткандарга катуу эскертем, эсиңер барда этегиңерди жыйгыла! Тартип сакчыларына буйрук берем, элди козутабыз деп бузукулук кылып жаткандарга мыйзам чегинде катуу чараларды көргүлө. Эркелегендин дагы чеги болот. Чектен ашып кетишти», — дейт ал.
 
Эң көп окулган жаңылыктар