USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Баткенде жаңжалда жабыркаган үйлөрдү 30дан ашык тергөө тобу тактап жатат

15:44, 27 сентября 2022, Бишкек - 24.kg

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салуудан жабыркаган, талкаланып-өрттөлгөн үйлөрдү, имараттарды 30дан ашык тергөө тобу тактап жатат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

«Чыгымдарды эсептөө жана сапаттуу иликтөө жүргүзүү үчүн учурда аймакта 31 ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Мында топторго тиешелүү мамлекеттик мекеме-органдардын өкүлдөрү кирген. Чек ара тилкелеринде милициянын атайын күндүзгү жана түнкү кайгуул топтору күнү-түнү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кол салууда жалпы 622 үй жабыркаган болсо анын 427си жашоого жараксыз, 195и ондоп түзөөгө муктаж экени аныкталганын билдирген. Андан сырткары 11 административдик, стратегиялык объектилер, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП 323 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн.

Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика