09:57
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Садыр Жапаров чек ара боюнча айтылган сындарга жооп берди

Соцтармактарда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды чечүү тууралуу эки тараптуу протокол тууралуу жалган маалымат тараткандар чек арага мобилизацияланат. Мындай көрсөтмөнү Садыр Жапаров коргоо министрине бергенин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Президент «Кыргызстан чек ара бекеттерин алып салды, жерлерибизди берип салды» деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын «резервдик ротага» мобилизация кылып, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла" деп тапшырганын жазды Султанбаев.

«Эки жак тең бири-бирине бетме-бет жакын жайгашкан заставаларды алып салышты. Анткени ал жерлерде дайыма болор-болбос эле нерселерден ок атышуулар башталып, чоң кагылышууга айланып кеткен учурлардан улам эки жак сүйлөшүп, ушундай чечимге келишти. Бир дагы пост ачылган жок. Делимитация, демаркация маселеси чечилип бүткөнчө чек ара посттору ачылбайт. Бул протокол Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси толук аяктаганча, убактылуу болуп эсептелет», — деген президент Жапаров.

25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК төрагаларынын жолугушуусунда тараптар төрттөн чек ара бекетин алып салууну макулдашканы белгилүү болгон.

Соцтармактарда протоколдун мазмунун сынга алгандар болууда. Алар «чек ара бекеттерин алуу менен Кыргызстан уттурду» деген сыяктуу нааразылыктарын жазып жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума