12:54
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Мыйзамсыз берилген 13,4 миллиондук сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

13 миллион 467 миң 500 сомго бааланган 5,96 га жер тилкеси Баткен облусунун А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө, Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жер мыйзамдарын одоно түрдө бузуу менен 2019-2020-жылдар аралыгында 40 токтом кабыл алышып, алардын негизинде муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин жеке менчикке берип жиберишкендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен айыбы угузулуп, учурда Кадамжай райондук сотуна кароосунда турат.

Ошондой эле, жогоруда аталган жалпы 5,96 га жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында, прокурордук талап келтирилип, анын негизинде А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар