Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта «саат 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тушунда, Тажикстандын аймагында эки жолу ок атылганы» айтылат.
УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды такталбаган маалыматтарга жана ар кандай ушак-айың кептер менен коомчулуктун тынчын албай, маалыматтарды тактап чыгууга чакырды.
Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

