09:23
USD 87.45
EUR 101.67
RUB 1.12

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туралуу маалымат

2022-жылдын 17-сентябры саат 21:00гө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталуда. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайые, саат 19:00дө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык жерлигиндеги кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылоо токтотулду.

Саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу «Гулистон-авто жол» (ТР) өткөрмө бекетинде өткөрүү пландаштырылган.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар