Буга чейинки ок атууну токтотуу жөнүндөгү келишимди бузуп, тажик чек арачылары Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер калктуу пункттарында жайгашкан кыргыз аскерлерин аткылады. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.
Саат 18.00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалган бойдон калууда. Баткенде тажиктер реактивдүү системаны колдонуп аткылоодо.
«Кыргызстандын Чек ара кызматы ок атууну толугу менен токтотуу үчүн бүт аракетин жумшоодо», — дешти ведомстводо.

