09:23
USD 87.45
EUR 101.67
RUB 1.12

Орусия Кыргызстан менен Тажикстанга чек ара маселесин чечүүдө жардамын сунуштады

Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы «чыңалган» абалга тыкыр көз салууда жана эки тарапты тең кырдаалды саясий-дипломатиялык талаага кайтаруу үчүн керектүү чараларды кабыл алууга чакырат. Бул тууралуу Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

Анын айтымында, Орусия «чек араларды тактоодогу бай тажрыйбасын» колдонуу менен тараптарга жардам көрсөтүүгө даяр.

Расмий Бишкектин маалыматына караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы атышуу учурунда тажик тараптан кара кийимчен, сакалчан адамдар эл жашаган аймактарды, үйлөрдү минемот менен аткылаганы өзгөчө кабатырлантып жатканын белгилөөдө.

Бишкек кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Кыргызстан тараптан жалпысынан беш адам жараат алганын, алардын экөө аскер кызматкери, үчөө жай тургундар экенин кабарлаган.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 11 жаштагы бала жараат алганын маалымдаган. Ал октон жаагынан жана сол ийнинен жараат алган. Абалы орточо оор деп бааланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар