06:57
USD 86.20
EUR 92.12
RUB 0.88

Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга учуп кетти

Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Өзбекстандын Самарканд шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сѳз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайк, саммиттин аянтчасында мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамына:

  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • президент администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандагы Өзбекстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев;
  • транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;
  • экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кирди.

Белгилей кетсек, ШКУ саммити Өзбекстан төрагалыгы алдында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар