13:31
USD 87.45
EUR 101.46
RUB 1.11

Тажикстанда дагы бир журналистке расмий түрдө айып тагылды

Камактагы тажик журналисти Хуршед Фозиловго Тажикстандын конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүүгө чакыруу айыбы тагылды. Жакындарынын айтымында, ал Хоженттеги абакта кармалууда.

Журналист күнөөлүү деп табылса, үч жылдан сегиз жылга чейин соттолушу мүмкүн.

«Агам айыптоолорго таптакыр макул эмес жана аны жалган жалаа деп эсептейт. Биз дагы Хуршед күнөөлүү эмес деп эсептейбиз», — деди иниси Хушбахт Фозилов.

Ал абактагы агасына жолугуп чыкканын, саламаттыгы дурус экенин кошумчалады.

Хуршед Фозилов 6-мартта кармалган. Ал быйыл январдан бери келишим менен Пенжикент шаарынын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо башкармалыгында иштеп жаткан. Аймактык журналист жериликтүү жана чет элдик басылмалар менен кызматташып, Заравшан өрөөнүндөгү көйгөйлөрдү чагылдырып, аткаминерлерди сындап келген.

Былтыр тажикстанда жети журналист менен блогер 7 жылдан 21 жылга чейин соттолгон. Алар жалган маалымат таратууга, экстремисттик жана башка тыюу салыган уюмдар менен кызматташууга айыпталган. Журналисттер жана алардын жакындары айыптоолорду четке кагып келишет.

Эң көп окулган жаңылыктар