2022-жылдын 14-сентябры саат 11.30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги Булак-Башы жерлигиндеги кырдаал салыштырмалуу чыңалган бойдон калууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сѳз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чыр-чатак орун алган жерде КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник К.Төлөнбаев менен Тажик Республикасынын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы генерал-майор X. Пиракзода менен жолугушуусу болуп жатат.
Ок атпоо боюнча жетишилген макулдашууларга карабастан тажик тарап кыргыз чек арачыларынын позицияларын көздөй маал-маалы менен ок атып жатышат.
Саат 11:30га карата КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин арасында жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.
КР УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну токтотуу жана чек ара чатагынын күчөшүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат.

