05:49
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Кыргыз-казак чек арасындагы эки бекет убактылуу жабылат

Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрмө бекетинде адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Чалдыбар — унаа жол» өткөрүү бекетинде бүгүн саат 11:00дөн 14:00гө чейин жана 17:00дөн 20:00гө чейин, «Чоң-Капка — унаа жол» бекетинде эртең саат 19:00дөн 21:00гө чейин адамдардын жана унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулат. Өткөрүү пункттары Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын техникалык базасын жаңылоого байланыштуу жабылат.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттары штаттык режимде иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар