20:18
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кыргызстандын баардык мечиттеринде зордук-зомбулукка каршы баяндама өтөт

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мечиттерде зордук-зомбулукка каршы баяндамаларды өткөрөт.

Муфтияттан билдиришкендей, өлкө аймагындагы мечиттерде бешим жана шам намазынан кийин балдардын тарбиясы, ыйман жана адеп-ахлак, зынаанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу жаатында баяндамалар жасалмакчы.

КМДБ Аль-Бакара (156) сүрөөсүн келтирет, анда мындай деп айтылат: «Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз»

Кыргызстан мусулмандардын дин башкармалыгынын эмгек жамааты Кадамжайда өлтүрүлгөн кыздын ата-энесине жана тууган-уруктарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эскерте кетсек, Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектелип аталган райондун үч тургуну кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар