13:09
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Булан институту диний билим берүү тармагы боюнча баяндамасын жарыялады

Бүгүн Булан институту «КРдагы Исламий диний билим берүүнү реформалоо аракеттери: жетишкендиктер жана кыйынчылыктар» деп аталган баяндамасын жарыялады. Бул баяндамада Кыргызстанда диний билим берүүнү калыптаныш тарыхы, учурдагы Исламий диний окуу жайлардын абалы, окуу программасы жана аларга жаңы коюлуп аткан талаптар тууралуу кеңири анализ берилген.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Исламий билимге кызыгуу күч алып, медреселер ачыла баштаган. Бирок, аларды каттоо, стандартка салуу жана бирдиктүү окуу программасын киргизүүнү ишке ашырган нормалар жана бирдиктүү система жок болгон. 2014-жылы Коопсуздук кеңеште дин маселелери багытыгында мамлекеттик саясат тууралуу концепция кабыл алынып, анда диний билимге көңүл буруу жана сапатын жогорулатуу максаты коюлган. Ошондон бери диний окуу жайларды бир стандартка келтирүү, талапты жогорулатуу жана билим сапатын жакшыртуу аракеттери журуп атат.

Учурда Кыргызстанда бир Ислам университети, тогуз Ислам институту жана 113 медресе катталган. Булан институтунун баяндамасында бул окуу жайлардагы көйгөйлөр, окуу программалары, жетишкендиктер жана реформалоого тоскоол болуп аткан жайгдайлар анализденген. 

Баяндама КР Дин иштери боюнча мамлекттик комиссиясынын, муфтияттын, көз карандысыз эксперттердин, дин аалымдарынын, медресе мүдүрлөрүнүн жана теологдордун берген маалыматтарынын негизинде даярдалды.

Эң көп окулган жаңылыктар