14:00
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкектин айрым райондорунда 7-сентябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 7-сентябрда саат 9.00дөн 21.00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ч.Айтматов проспектисинин № 243 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу бизнес-борбордун кошулушуна байланыштуу муздак суу өчүрүлөт.

Мындан тышкары, Масалиев — Ч.Айтматов проспекти — Миңжилкиев, Сагындыков көчөчөлөрүндө (КТУнун тосмосунун чыгыш тарабы) чектешкен аймакта суу болбойт.

Ошондой эле Ч.Айтматов проспектисинин 97/4 жана 237/1Б жээгиндеги насостук станциялар муздак суудан убактылуу өчүрүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар