05:48
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Эгемендүүлүккө 31 жыл. Ала-Тоо аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн иш-чарадан соң «Ала-Тоо» аянтынан жалпы 4 тоннадан ашык таштанды чыгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине жалпы 60 кызматкер, 8 атайын техника анын ичинен 5 таштанды чыгаруучу жана 3 жолду жуучу техника тартылган.

Майрам учурунда аянтка жалпы таштанды салуучу 20 пластик челектер жана 20 даана биодаратканалар орнотулган.

Ошондой ишкананын кызматкерлери сахнаны, тосмолорду орнотушкан.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 31-августта да аянттан жалпы 4 тоннага жакын таштанды чыгарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар