23:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Уляновсктогу кырсык: ооруканага түшкөндөр кыргыз жарандары

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Ульяновск облусунда жол кырсыгына кабылып ооруканага түшкөн үч адам кыргыз жарандары экени такталганын билдирди.

«Азаттык» байланышкан элчиликтин кызматкери алардын абалын азыр так айта албасын, бирок канааттандырарлык деген маалымат бар экенин айтты.

21-августта Ульяновсктогу ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14 кыргыз жарандары. Мерт болгондордун жакындары үчүн элчиликтин (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору иштеп жатат.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү министрлик-мекемелерге каргашада каза тапкандардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады. Анын билдирүүсүндө, президент каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайрыгуу менен көңүл айтканы жазылат.

Эң көп окулган жаңылыктар