26-28-июль күндөрү кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы сакталат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 36…41°, Талас өрөөнүндө 34…39°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө 37…42º, тоо этектеринде 34…39°, Суусамыр өрөөнүндө 27…32º, Ысык-Көл ойдуңунда 29…34°, Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 24…29°, бийик тоолордо 14…19° жылуулукка чейин көтөрүлүшү мүмкүн.