23:46
USD 87.45
EUR 99.28
RUB 1.06

Садыр Жапаров Фарид Ниязов менен Атамбаевдин акталышынын себебин түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар боюнча айыпталган бир катар саясатчылардын акталышы боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, сот бийлиги өз чечимин чыгарды.

«Эч кандай соодалашуу болгон жок жана мен бирөөнү дагы кабыл алган жокмун. Жөн гана соттордун эркин чечими болду. Мен дайыма «Соттордун ишине кийлигишпегиле» деп айтып келе жатам. Мартта өткөн соттордун курултайында да сотторго айткам «Кандай иш карасаңар да мыйзам чегинде адилеттүү чечим чыгаргыла. Күнөөлүү болсо күнөөлүү деп тапкыла, күнөөсүз болсо актагыла. Ошондо силерге элдин ишеними пайда болот» деп. Мындан ары мурдакыдай ак үйдөн басым-кысым болду демей жок. Мыйзамдын диктатурасы иштейт», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Октябрь окуясына байланыштуу жети саясатчыга айып тагылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагынбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабанов. Бабановдун иши өзүнчө бөлүнүп тергелди.

Эң көп окулган жаңылыктар