20:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Элчилик эскертет: Россияда миграциялык текшерүү күчөдү

Россияда чет өлкөлүк жарандардын болушунун мыйзамдуулугуна жана алардын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын сактоосуна көзөмөлдүн күчөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Буга байланыштуу элчилик миграциялык талаптарды так аткаруу чакырат: 

1. Россия Федерациясынын мыйзамдарын так сактоо жана жасалган кылмыштар үчүн сөзсүз түрдө жаза болорун эстен чыгарбоо зарыл;
2. Расмий документтерди жана башка Россияга кирүүгө уруксат берүүчү документтерди (паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү) тариздөөдө ортомчулардын кызматын колдонбоо (анын ичинде «регистрация»);
3. Россияга кирген күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө, жашаган жери боюнча миграциялык каттоого туруу;
4. Россия Федерациясына 2021-жылдын 29-декабрынан кийин иштөө үчүн келген мекендештер кирген күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө манжа изин милдеттүү мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуу жана медициналык кароодон өтүүсү зарыл;
5. Россия Федерациясынын Эмгек кодексине ылайык, эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн иш берүүчү менен эмгек келишимин түзүү зарыл;
6. Жекелигин тастыктаган документтерди (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту) жана Россия Федерациясында жүрүүгө укук берген документтерди (миграциялык карта, анын ичинде «регистрация», ОМС/ДМС полис) ар дайым жанында алып жүрүү зарыл.
7. Жүргөн өлкөсүнүн бийлик өкүлдөрүнө сый мамиле кылуу.

Ошону менен бирге, дипломатиялык өкүлчүлүктө мекендештер менен ыкчам байланышуу жана тез чара көрүү максатында күнү-түнү «Түз байланыш» телефону иштейт: +7 (925) 115-50-47. Тез арада юридикалык жана консулдук жардам керек болгон учурда жогоруда көрсөтүлгөн номерге кайрылсаңыздар болот.

Эң көп окулган жаңылыктар