USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Экономикага 300 миң доллар акча салган кишиге кыргыз жарандыгы ыкчам берилет

14:56, 24 июня 2022, Бишкек - 24.kg

«Алтын паспорт» тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу маалымат жыйында инвестиция боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабиров билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долборуу учурда коомдук талкуудан өтүп жатат.

«Биздин экономикага 300 миң доллар салган жаранга биз жарандык бере алабыз деп ойлойм. Бул кыймылсыз мүлк сатып алуу, же ишкана ачуу болушу мүмкүн. Инвесторго жарандыкты жеңил жол менен берүү жолдору каралышы керек. Мында практика башка өлкөлөрдө дагы бар», — дейт ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика