Ош шаарында «Хово» маркасындагы оор жүк ташуучу унаа төрт адамды басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, унаа оодарылып кеткен. Жыйынтыгында эки аял жана эки жаш баланы басып калды. Жабыркагандар жайында каза тапканы белгиленет.

