11:21
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

ИИМ: Бир аптанын ичинде 237 айдоочу мас абалында кармалды

Акыркы бир аптанын ичинде (13-19-июнь) Кыргызстанда жолдо жүрүүнүн эрежесин бузган 19 миңден ашуун учур катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Алардын ичинен мас абалында машине айдаган 237 айдоочу аныкталган. Катуу ылдамдыкта машине айдагандар 3,7 миңден ашкан. 900 автоунаа айып короого токтотулуп, 200дөй айдоочу документи жок унааны башкарганы аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар