12:01
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Бишкек мэриясы: Митингге чыккан айдоочулардын лицензиясы алынат

Мэрия кичи автобустарга жол кире акысын көтөрүү маселесин карап чыгууга даяр. Бул тууралуу шаардык транспорт башкармалыгынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев билдирди.

Анын айтымында, жол кире маселеси «бекитилген тартипте» каралат.

«Жүргүнчүлөрдү ташынан компанияларга эскертүү берилди. Кичи автобустардын айдоочулары митингге чыкса, лицензиясы алынат», — деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарында коомдук транспорттун айдоочулары кичи автобустарга жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылышууда. Алар жумуш таптап митингге чыкмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар