09:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өлкөдө 30 мин гектарга чукул жер трансформацияланат

Президенттин басма сөз кызматы жерлерди трансформациялоонун жана укук күбөлөндүрүүчү документтерин берүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Ага ылайык, бүгүнкү күндө мыйзамсыз жеке турак үйлөр жана пайдубалдар курулуп калган 142 337 жер тилкелери такталган.

Жалпысынан 28 миңден ашуун жаранга техникалык паспорт берилди. «Техникалык паспорт алуу менен жарандар каттоого турууга, ар кандай социалдык төлөмдөрдү алууга жана шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк ала алышты», — деп айтылат маалыматта.

Мыйзамга ылайык, санитардык нормаларга туура келбеген газ түтүктөрү өтүп жаткан, таштанды полигондордун, мүрзөлөрдүн жанындагы, электр чубалгыларынын алдындагы жерлер мыйзамдаштырылбайт.

Жогорку Кеңеш «Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жѳнүндѳ» мыйзамын 17-мартында кабыл алынып, ал 5-апрелде күчүнѳ кирген.

Бул мыйзамдын негизинде өлкөдө жалпы аянты болжол менен 29 872 гектар жер трансформацияланат.

Министрлер кабинети майдын соңунда «Жер мунапысын ѳткѳрүү тартиби жѳнүндѳ» жобону бекитти. Ага ылайык, мэриялар жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда комиссиялар түзүлүп, аталган жерлерди дагы бир ирет тактоо жумуштары жүрүп жатат.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 2021-жылы ноябрь айында Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулардын жер тилкелери мыйзамдаштырыла турганын жарыялаган. Көп өтпөй дал ушул Ак-Ордо-3 конушундагы жашоочулар менен жолугуп, 2022-жылдын 1-майына чейин 11 миңден ашык түтүнгө кызыл китеп берилерин, Кыргызстанда бир да мыйзамсыз үй болбошу керектигин айткан болчу.

Буга чейин Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочулары президент Садыр Жапаровдун үйлөрдү документтештирүү боюнча тапшырмасы аткарылбай жатканын айтып, маал-маалы менен бийликке кайрылып келишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар