18:29
USD 87.45
EUR 102.51
RUB 1.12

Казакстанга кирүүдө ПЧР-тест талап кылуу жокко чыгарылды

Казакстан өлкө аймагына кирүүдө милдеттүү түрдө ПЧР-тест же эмдөө сертификатын көрсөтүү талабын жойду. Бул тууралуу коронавирустун тарашына жол бербөө боюнча мекемелер аралык комиссия билдирди.

Маалыматка караганда, 8-июндан баштап казак жарандары менен чет өлкөлүктөрдөн ПЧР-тест жана эмдөө жөнүндө сертификат талап кылынбайт.

Бул чечим вице-премьер Ералы Тугжановдун катышуусунда өткөн жыйын учурунда кабыл алынган.

Бул арада Казакстан убактылуу иштебей турган автоунаа өтүүчү 12 чек ара бекетинин ишине киргизилген чектөөлөрдү да алды.

Эң көп окулган жаңылыктар