Кыргыз-тажик чек арасында кайра ок атылды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, атышуу 12.00 Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде башталган.
Ок атышуу эки өлкөнүн чек ара кызматы ортосунда катталды.
Райондун акими Учкун Жоробаевдин маалыматында, аймакта ахыбал тынч.
«Атышуу айылдардан алысыраак жерде болду. Ага жергиликтүү тургундар катышкан жок», — дейт ал.

