Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Тазабек Икрамов Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдун отставкасын талап кылды.
Депутаттын айтымында, Сузак районунун 2021-жылы селден жабыркаган тургундары дагы эле контейнерде жашашат.
«Элдерди үй менен камсыз кылуу керек болчу. Андан сырткары, Кара-Дарыя суусунун жээгине дамба куруу маселеси көтөрүлгөн. Жакында суу дагы көтөрүлүп, дыйкандардын эгинин каптап кетти. Тосмо кура турган акча каякка которулду? Министр менен орун басарлары эмне кылып олтурушат?», — дейт депутат.
Депутат Бообек Ажибеков кыргыз-өзбек чек арасындагы кырсыктан кийин эле отставкага кетиш керектигин айтат.