Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун буйругу менен легендарлуу «Алга» футбол клубуна Мирлан Айталы жетекчи болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Ал «Себат» кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү. Борбордук Азиядагы Америка университетинде бакалавр даражасын алган. Ошондой эле ал Лондон LEICESTER COLLEGE OF PROFESSIONAL STUDIES Изилдөөлөр колледжинде бизнести башкаруу адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолун 2002-жылы КООРТ ЖАКсында маалымат кызматынын кабарчысы жана спорт журналисти болуп иштөөдөн баштаган.
2005-2006-жылдары кабарчы жана диктор болуп иштеген. 2018-жылдын май айынан бери «Бешинчи канал» ЖАКнын аткаруучу директору, «Борбор» жана «Ойбүгүн» теледолбоорлорунун алып баруучусу.
Маалымдама: «Алга» СССР маалынан бери Кыргызстанда белгилүү жана күчтүү клуб болуп, СССРдин чемпионатына тынымсыз катышып, Биринчи лигада жалпысынан 27, Экинчи Лигада 16 сезон өткөргөн. «Алга» — Экинчи Лигада турнирди жеңип, Биринчи Лигада бирден ашык сезон ойногон жалгыз кыргызстандык клуб.
2008-жылдан 2014-жылга чейин Лондондун Фулхэм футбол клубунун системасында толук эмес иштеген (Fulham FC).