16:53
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Чолпон-Атада РЭТ жетекчиси үйүнө майнинг-ферма койгон

Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук электр тармактарынын (РЭТ) башчысы үйүнө криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштуруп алганы аныкталганын Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматта бул иш боюнча тергөөнүн алкагында, келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталып жатканы айтылат.

«Ал энергетика тармагында иштеп жатып, суунун аздыгынан улам республикада энергетикалык каатчылык болуп жатканына карабастан, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, электр энергиясын уурдап, муну менен өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна зыян келтирген», — деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар