10:05
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Алмазбек Бейшеналиев кайтадан Билим берүү министрлигин жетектемей болду

Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Жаңы жетекчини жамаатка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырды.

Бейшеналиев 41 жашта. Ал 2017-2018-жылдары өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген.

2021-жылдын июнь айынан бери Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп иштеп жаткан.

Министрликти 2021-жылдын май айынан бери жетектеп келген Болотбек Купешов кызматын ден соолугуна байланыштуу тапшырганы кабарланды.

Эң көп окулган жаңылыктар