19:47
USD 87.45
EUR 102.51
RUB 1.12

Бишкек мэриясы темир жолду шаардын сыртына көчүрмөкчү

Бишкек мэриясы темир жолду шаардын сыртына көчүрмөкчү. Бул тууралуу калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Мэр бул шаар ичиндеги темир жолду Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбооруна кошуп коюуну суранат.

«Бул маселени мен Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен дагы талкууладым. Алар бизге 1 миллиард долларды 30 жылга төмөн пайызда бере алса, анда долбоорду ишке ашыра алабыз. Алар кызыгуу артууда», — дейт Эмилбек Абдыкадыров.

Темир жол менен бирге шаар ичиндеги өндүрүш ишканалары, кампалар дагы шаар сыртына көчөт.

«Алардын ордуна үйлөр салынат. Темир жол ордуна сегиз тилкелүү жол кура алабыз. Бул шаарды батыштан чыгышка карай жеңилдетүүгө жол ачат», — дейт мэр.

Эң көп окулган жаңылыктар