14:13
USD 89.43
EUR 97.22
RUB 0.97

Жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы башталды

Жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы 24 жана 25-майда өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тестирлөө Свердлов районунун мектептеринин базасында өткөрүлдү: № 4 МГ, № 38 ОТК, № 45 орто мектеп, № 65 ЭЭЛ, № 66 ОТК, № 94 орто мектеп;

— Ленин району боюнча: № 9 ОТК, № 13 МГ, № 31 МГ, № 68 ОТК МГ, № 72 МГ, № 84, № 93, № 96 орто мектептеринин базасында.

ЖРТнын экинчи этабы 27, 28-майда Октябрь районунда № 3, № 26 ГК, № 39, ОТК, № 62, № 63 мектеп гимназияларында жана № 64, № 88 орто мектептеринде өткөрүлөт;

— Биринчи май району боюнча № 6 АОТК, № 27 орто мектеп, № 28МЛ, № 29 ОТК МГ, № 24 МГ, № 69 ОТКГ базасында өтөт.

Жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миң 468 бүтүрүүчү катталган.

Белгилей кетсек, 24, 25-июнда ЖРТ (үчүнчү этап) жүйөлүү себептер менен тестирлөөдөн өтпөй калган абитуриенттер үчүн кошумча тизме боюнча өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар