18:58
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Жалпы республикалык тестирлөө өтүүчү жерлер. Тизме

Борбор калаанын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөө өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

ЖРТ үч этапта өтөт:

  • 24, 25-майда Свердлов районундагы № 4 МГ, № 38 ОТК МГ, № 45 орто мектеп, № 65 ЭЭЛ, № 66 ОТК, № 94 орто мектептеринин базасында;
  • Ленин районундагы № 9 ОТК МГ, № 13 МГ, № 31 МГ, № 68 ОТК МГ, № 72 МГ, № 84, № 93, № 96 орто мектептеринин базасында;
  • 27, 28-майда Октябрь районундагы № 3, № 26 ГК, № 39, № 62 ОТК МГ, № 63, № 64, № 88 мектептердин базасында;
  • Биринчи май району боюнча № 6 АОТК, № 27 орто мектеп, № 28, № 29 ОТК МГ, № 24 МГ, № 69 ОТК МГ мектептеринин базасында.

Белгилей кетсек, 24, 25-июнь күндөрү ЖРТ жүйөлүү себептер менен тестирлөөдөн өтпөй калган абитуриенттер үчүн кошумча тизме боюнча өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар