20:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Урал аба жолдору» Орусиядан Кыргызстанга «Жүк-200дү» акысыз ташыйт

«Урал аба жолдору» Орусиядан Кыргызстанга «Жүк-200дү» акысыз ташыйт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Анда Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги менен аталган компания Орусияда каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн акысыз ташуу тууралуу макулдашканы айтылат.

Ага ылайык, «Урал аба жолдору» муну «Челябинск-Ош»; «Уфа-Ош»; «Минеральные Воды-Ош»; «Нижневартовск-Ош»; «Казань-Ош»; «Самара-Ош»; «Сочи-Ош»; «Самара-Бишкек»; «Сочи-Бишкек» каттамдарында ишке ашырат.

Элчилик ошол эле учурда аэропорттордогу жана башка төлөмдөрдү жүктү жөнөткөн тарап төлөрүн эскертти.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр чет жактан 540, быйыл төрт айда 224 мигранттын сөөгү келди жана алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан жөнөтүлгөн.

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров өткөн аптада Жогорку Кеңеште «Жүк-200дү» алып келүү үчүн бул соңку 1,5 жылга жакын убакта мамлекеттен жалпысынан 46 миллион сом жумшалганын билдирген.

Расмий маалыматка караганда, азыр 1 миллиондон ашуун кыргызстандык Орусияда иштейт. Андан сырткары, кыргызстандык жарандар башка чет мамлекеттерде да эмгектенет, алардын так саны расмий айтыла элек.

Эң көп окулган жаңылыктар