Санкциялардан улам орус банктарынын казакстандык үч туунду компаниясынын эсебиндеги 9,2 миллиард теңгеге жакын (21,5 миллион доллар) сумма бөгөттөлдү. Бул тууралуу Казакстандын Каржы базарын жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттиги билдирди.
«Санкциялык талаптардын фонунда айрым чет өлкөлүк банктар «Сбербанк», «Альфа-Банк» жана «Банк ВТБ» (Казакстан) туундуу банктарынын корреспонденттик эсептериндеги 9,2 миллиард теңге өлчөмүндөгү каражатты бөгөттөштү», — деп билдирди агенттиктин төрайымы Мадина Абылкасымова.
Анын айтымында, «Альфа-Банктын» 6,2 миллиард, «Сбербанктыкы» 2,7 миллиард жана «Банк ВТБнын» 300 миллион теңгеси бөгөттөлгөн.
«Мындан тышкары чет өлкөлүк банктар «Сбербанктын» айрым кардарларынын чет өлкөлүк валютадагы 2,9 миллиард теңгелик төлөмдөрүн да тоңдурган. «Альфа-Банк» кардарларынын 3,9 миллиард теңгелик төлөмдөрү менен которгон акчасы бөгөттөлдү», — деди Абылкасымова.
Каржы базарын жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттиги учурда «Альфа-Банк Казакстандын» жаңы акционери эсептелген «Банк ЦентрКредитти» АКШнын жана башка бир катар өлкөлөрдүн санкциялык тизмелеринен чыгаруу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын билдирди.

