USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдөн быйыл 17,5 тонна алтын өндүрүлөрүн билдирди

16:23, 18 мая 2022, Бишкек - 24.kg

Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк быйыл Кумтөр кенинен 17,5 тонна алтын казып алуу планы коюлганын билдирди.  Бул тууралуу ал «Ала-Тоо 24» телеканалына берген маегинде айтты.

Кенден былтыр 14,62 — 15,86 тонна алтын өндүрүү мерчемделген. Тенгиз Бөлтүрүк 2021-жылдагы план аткарылганын, жыл сайын алтынды казуунун көлөмү көбөйтүлөрүн кошумчалады.

«Калдык сактоочу жайда 106 тонна алтын бар. Андан 60-65 тонна алтынды чыгарып алышыбыз мүмкүн. 2024-жылы кендеги алтынды жер алдынан казуу иштери башталса, бери дегенде 3-4 тонна алтын берет. Калдык сактоочу жайдагы жана жер алдынан казылган алтынды кошсок эле жылына 24-25 тоннага чейин алтын өндүрөбүз», — деди Бөлтүрүк.

Бирок Кыргызстан кенди өз карамагына алгандан бери канча тонна алтын казылганы, ал каякка, кандай шартта сатылганы, түшкөн киреше тууралуу маалымат берген жок. Бул маселе боюнча журналист да суроо берген эмес.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика