15:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров: Кыш мезгилинен кыйынчылыксыз чыгып алдык

Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына комүр темасын көтөрүп жазды. Президенттин айтымында, быйыл Кара-Кече көмүр кенинен 1,5 млн тонна көмүр казып алуу пландалып жатканын жазды.

Мамлекет башчы аталган көмүр кенден 2019-жылы жана былтыр казылып алынган көмүрдүн өлчөмүн салыштырып, Бишкек жылуулук электр борборуна да көмүр үнөмдүү жагылганын белгилеген.

«Динамика көрсөтүп тургандай, 2019-жылы Кара-Кече көмүр кенинен эң көп көлөмдө — 554 миң тонна көмүр казып алыптырбыз. Ал эми 2021-жылы 1 миллион 225 миң тонна көмүр казып алууга жетиштик. Кудай буюрса, алдыдагы кыш мезгилине карата көмүр казууну 1 миллион 500 миң тоннага жеткиребиз деп пландап жатабыз», — деп жазган президент.

Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБине жылдагыдан 100 миң тонна көмүр аз жагылганын белгилеп, мунун баары өз убагында катуу көзөмөлдөөнүн натыйжасында ишке ашты деп эсептейт.

Былтыр күзүндө көмүр таңкыстыгы жаралып, 1 тонна көмүрдүн баасы Бишкекте 5-6 миң, аймактарда 8-10 миң сомго чейин көтөрүлүп кеткен.(

Эң көп окулган жаңылыктар