19:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Казакстан орусиялык журналист Тигран Кеосаяндын өлкөгө киришине тыюу салды

Казакстан орусиялык теле алып баруучу Тигран Кеосаяндын өлкөгө киришине тыюу салышы мүмкүн. Бул тууралуу казак Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди.

«Орусиялык журналист Тигран Кеосаяндын кемсинтүүчү жана бир жактуу билдирүүсү орус коому менен саясий чөйрөсүнүн айрым катмарынын көз карашын чагылдырышы мүмкүн. Бирок ал эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктүн мазмуну менен мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги келишимдердин багытына туура келбейт. Мындай билдирүүлөр ынак коңшулукка зыян келтирип, стратегиялык өнөктөштүктүн каршылаштары үчүн пайдалуу болот. Кеосаян Казакстанга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесине киргизилиши мүмкүн», — деди Смадияров.

24-апрелде интернетке Кеосаяндын казакстандыктар тууралуу терс пикирин айткан билдирүүсү жарыяланган. Анда ал Казакстандын элин «жакшылыкты билбеген эл» деп атап, казак бийлигин «Украинадагы кырдаалдан сабак алып, жакшылап ойлонууга» чакырган. Өз кезегинде анын бул сөздөрү казак коомчулугу тарабынан ачык коркутуу катары бааланган.

Буга чейин Казакстандын Коргоо министрлиги быйыл 7-майда белгилене турган Ата Мекенди коргоочулардын күнүндө жана 9-майда белгилене турган Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш күнүндө аскердик парад өтпөй турганын билдирген. Мекеме бул чечимин бюджеттик каражатты үнөмдөө жана «башка маселелерди чечүү» зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар