Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык жана дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгына карата иш-чараларды талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусунда Кыргызстандын элчилигинин жаӊы имаратын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси көтөрүлдү.