03:16
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.86

Ильхам Алиевдин чакыруусу менен Садыр Жапаров Бакуга барат

Садыр Жапаров 19-20-апрелде Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу менен Баку шаарына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президент администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.

Алдыдагы сапарынын алкагында Садыр Жапаров Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго койуунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын алкагында Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу жолугушуу да пландалууда.

Мындан тышкары, азербайжандык ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу пландалып, анын жүрүшүндө Кыргызстан жана соода-инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыктын келечеги тууралуу маалымат берилет.

Сапар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык Келишимине кол коюлгандыгынын 25 жылдыгынын алдында өтөт.

Бир катар документтерге, атап айтканда, стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга, мамлекеттер аралык кеңешти түзүү боюнча меморандумга, ошондой эле мамлекеттердин кызыкчылыктарына жооп берген өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларга кол коюу пландаштырылууда.

Жээнбек Кулубаев алдыдагы сапар эки өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деген ишенимин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар