23:40
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекте мечиттин жанынан курал-жарак табылды

«Бишкекте мечиттин жанында ок атуучу курал-жарактар табылды», — деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, УКМК мыйзамсыз жүгүртүлгөн ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана баңгизаттарды аныктоо жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттердин алкагындагы ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынан ок атуучу куралдардын жана баңгизаттар бекитилген жайы табылды.

Ыкчам маалымат боюнча, ушул жылдын 10-апрелине караган түнү белгисиз адамдар Бишкек шаарындагы мечиттердин биринин жанында жайгашкан курулуш таштандыларынын арасына бир баштык катып кетишкендиги аныкталган.

Бул факт 2020-жылдын 14-апрелинде текшерүү иш-чараларын уюштуруу максатында Маалыматтарды каттоо журналына катталып, жогоруда аталган жайда текшерүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында бетон плитанын астынан ак түстөгү баштык табылып, ичинен 32 жана 12 мм калибрдеги 2 ок атуучу курал (араланган мылтык), 11 даана металл гильза, 3 даана граната жана спецификалык жыты бар кочкул жашыл түстөгү болжол менен 3 кг салмактагы (болжол менен гашиш) полиэтилен пленкасына оролгон буюм табылып алынган.

Азыркы учурда жогорудагы табылган нерселерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар