19:03
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкектеги борбордук мечитинде оңдоп-түзөө иштери башталды

Бишкек шаардык Борбордук мечитинде оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Мечит толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү пландалып жатат. Учурда мечиттин короосу иретке келтирилип, бөлмөлөр оңдолууда.

«Чындыгында элибизден айланып кетсе болот. Соопчулук издеп, мечиттин бир тарабын оңдоп-түзөп берейин деген бир туугандарыбыз чыгып жатат. «Бисмиллах» деп бир четинен баштадык. Буюрса кыш келип, суук түшкөнгө чейин мечиттин ичин жана айлана -чөйрөсүн бир сыйра капиталдык ремонттон өткөрүп алууну көздөп жатабыз. Алахтын үйү үчүн ар ким колунан келгенин жасайт экен. Биз да себепчи болуп, соопчулук издеген бир тууганыбызга туура багыт бергенге аракет кылып жатабыз» — деди Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев.

Эң көп окулган жаңылыктар