23:29
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Эдил Байсалов Россиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотууга каршы чыкты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женева шаарына жумушчу сапарынын алкагында (Швейцария Конфедерациясы) Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) Регионалдык форумунун жабылышында жыйынтыктоочу сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Байсалов Россиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине каршы чыкты.

Ал комиссияга мүчө 56 мамлекеттин делегациясын комиссиянын Чыгыш менен Батыштын ортосундагы кызматташтыктын көпүрөсү катары ишинин тарыхый мандатын сактап калууга чакырды.

«Төрага катары мен сиздерди Европа экономикалык комиссиясынын өзгөчө ролун жана мандатын сактап калууга жана коргоого чакыргым келет. Бардык трагедиялуу жагдайларга, тараптардын позицияларынын кагылышына жана эмоциялардын күчөшүнө карабастан, биз БУУ ЕЭКти диалог аянтчасы жана кызматташтык көпүрөсү катары сактап калышыбыз керек. Акыркы 75 жыл ичиндеги чыңалуу мезгилдеринде биздин өлкөлөр уюмдун өзгөчө мандатын жогору баалап келген. Комиссиянын негизги мүчөлөрүнүн биринин катышуусун чектөө баарыбызды чектейт», — деди Эдиль Байсалов.

Белгилесек, БУУ Европа экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК) 1947-жылы 28-мартта БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңеши (ЭКОСОС) тарабынан аймактын ичиндеги экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн. БУУ ЕЭК Бириккен Улуттар Уюмунун беш аймактык экономикалык комиссиясынын бири болуп саналат жана штаб-квартирасы Женевада жайгашкан.

Жумушчу тилдер катары француз, англис жана орус тилдери саналат. Уюмга 56 мамлекет: Европа өлкөлөрү, АКШ, Канада, Түркия, Израиль, Борбор Азия өлкөлөрү кирет. Кыргыз Республикасы 1993-жылдын 30-июлунда комиссиянын толук кандуу мүчөсү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума