Жогорку Кеңеш валюта базарындагы абалга байланыштуу Улуттук банктын маалыматын угат. Бул маселе парламенттин 10-марттагы отурумунда көтөрүлдү.
Депутат Айбек Маткеримов: «Улуттук банкты чакыралы. Анткени бүгүн эртең менен доллар 102 сом болуптур. Элден «Канчага өсүп барат? Кандай жумуштар аткарылып жатат?» деген кайрылуулар түшүүдө. Маалымат алсак жакшы болот эле» — деди.
Бул маселени башка депутаттар да айтып чыгышты. Улуттук банктын өкүлдөрү парламентке саат канчага чакырылары тууралуу маалымат кошумча берилери айтылды.
Кыргызстанда акыркы жолу доллардын кымбаттоосу коронавирус пандемиясы башталганда болгон. 2020-жылдын мартына чейин бир нече жыл 69 сомдун тегерегинде болуп келген доллар 85 сомго жетип, бул көрсөткүч акыркы убакта туруктуу кармалып турган.
Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери доллар кайра кымбаттап, бүгүн, 10-мартта акча алмаштыруучу жайларда 106-107 сом болууда. Улуттук банктын бүгүнкү күнгө карата аныкталган расмий курсу 97,69 сом.