Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев өлүм жазасын кайра кайтарып келүүнү сунуштайт. Бул тууралуу ал бүгүн «Ынтымак» фракциясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлүм жазасын балдарга зордук-зомбулук жасаган кылмышкерлерге колдонуу керек.
«Биз айылда балдарга зомбулук болгондо боло берет деп коебуз. Көбүнчө жарашып алышып, иш милицияга, сотко жетпей калат. Ортодо аралачаганга милиция кызматкерлери дагы катышып калат. Мында катуу контролдоп, арачалаган милицияны дагы жоопко тартуу боюнча берене киргизүү керек. Өлүм жазасын кайтаруу керек. Ошондо гана токтойт», — дейт ал.